• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаңы автобекеттен үч багыт боюнча маршруттук каттам ачылды. Билетти онлайн алууга болот

Коом 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Бишкектеги “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынан, ушул жылдын 10-апрелинен тарта Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына байма-бай эмес тартипте маршруттук каттам иштеп баштайт.

Каттамды тейлөө үчүн 10 даана кичи маршруттук унаа даярдалды. Алар күн сайын 12:00дөн тарта “Бишкек автобекетинен” чыгышат.

Жол кире акысы төмөндөгүдөй бекитилген:

  • Бишкек – Каракол – 450 сомов;
  • Бишкек – Бостери – 350 сомов;
  • Бишкек – Балыкчы – 300 сомов.

Билетти аралыктан онлайн сатып алууга болот. Ал үчүн төмөнкү номерлерге байланышуу зарыл: +996704190589, +996700981080

Жаңы ачылган маршуттук каттам байма-бай эмес каттам болуп эсептелет.


Маалымат үчүн: “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы Алмата көчөсү менен шаарды айланып өткөн чоң жолдун кесилишинде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий