• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркиянын маданий кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө маданий-гуманитардык, ошондой эле туризм тармагындагы эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери талкууланды.

Министрликтин алдында 2023-жылдын сентябрынан ноябрь айына чейин өткөрүлүп жаткан "Түркиянын маданий жолу" фестивалынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы маданият күндөрүн уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.

Өкмөттөр аралык башка келишимдер менен бирге маданий борборлорду ачуу боюнча келишимди да бекитүүнүн ички жол-жоболорун тездетүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Ошондой эле министрликке караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) аркылуу эки тараптуу кызматташуу маселелери өзүнчө көтөрүлдү.

Элчи Руслан Казакбаев ТИКАнын ишмердүүлүгүн жогору баалап, агенттиктин Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн көп жылдык колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге ал ири долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга жана жалпысынан Кыргыз Республикасындагы долбоордук иш-чараларды кеңейтүүгө өзгөчө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, 2023-жылдын октябрь айында Түркиянын президенттик комплексинде биргелешкен маданий иш-чараларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий