• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда акылуу жолдорду киргизүү боюнча Бишкекте презентация өттү

Коом 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. 13-мартта Кыргызстандын Транспорт жана жол министрлигинде "КазАвтоЖол" улуттук компаниясы акционердик коомунун башкы инженери Ратмир Ахметов Казакстанда акылуу жолдорду киргизүү боюнча презентациясын сунуштады.

Иш-чарага Борбордук аппараттын, министрликке караштуу башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

"КазАвтоЖол" улуттук компаниясы акционердик коомунун акциялары казак өкмөтүнө караштуу. Жол транспорт инфраструктура рыногунда жападан-жалгыз бирдиктүү оператор болуп саналат. Алар жолдо айдоочулар менен жүргүнчүлөргө коопсуздук менен комфортту, жогорку тейлөөнү сунушташат.

Бул коом 6 жыл ичинде 4 миң км авто жолдорун курушкан, алар Түндүк Европа – Түндүк Кытай, Нур-Султан-Павлодар, Павлодар-Калбатау, Актау-Бейнеу, Уральск-Каменка, Капшагай-Талдыкорган жана башка ири долбоорлордо иштешкен. Бул коом жол куруу менен бирге анын ондоп, ар кыл багытта тейлеп турушат. 2013-жылдан баштап алар 682 км жолго акы төлөө тутумун киргизишкен.

2024-жылга чейин, "Нурлыжол" мамлекеттик программасына ылайык, 11 миң км жолго акы киргизүү пландалууда.

Акы төлөнүүчү жолдорду бойлой 1803 кызмат көрсөтүүчү объектер бар, ошондой эле төлөө терминалдары орун алган.

Акы төлөнүүчү жолдордо шлагбаумдар орнотулган алардын баары автоматташтырылып, атайын бир тутумга бириккен. Өз кезегинде ал ИИМге бириктирилген. Банктык карточка, накталай акча да алат, бардык тутум автоматташтырылгандыгы айдоочулар үчүн эң ыңгайлуу.

Пикир

Оставить комментарий