• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коомдук жайларда тамеки, насвай, кальян тартууга тыюу салынат. Мыйзам долбоору даярдалууда

Коом 0

Бишкек. 14.03.19 /Кабар/. Кыргызстанда эми коомдук жайларда тамеки, кальян, насвай тартууга таптакыр тыюу салынат. Жарнамалоого да жол берилбейт. Бул багытта тийиштүү мыйзамдардын пакети даярдалып жатат.

Даярдалып жаткан долбоор боюнча депутат Айнуру Алтыбаева менен Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкы башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова "Парламент" радиосунун эфиринде кененирээк айтып беришти.

Маалыматка ылайык, сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу балдар ойногон ачык жана жабылуу аянтчаларда, коомдук транспортто, эс алуучу жайларда, суу жээктеринде, маданий иш-чаралар өткөрүлүүчү, эл көп чогулуучу жерлерде тамеки тартууга толук тыюу салынмакчы.

"Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, тыюу салынган жайларда чылым чеккен жеке жарандарга өзүнчө, ага жол берип, шарт түзгөн юридикалык жактарга өзүнчө айып пул салуу жактары каралган", - дейт демилгечи Алтыбаева.

Ошондой эле эл өкүлү бир гана чыгым чегүүгө тыюу салынбастан, аны жарнамалоого да жол берилбестигин белгиледи.

Айнура Акматованын маалымдашынча, акыркы мезгилде тамеки тартуу аялдар менен өспүрүм балдар – кыздардын арасында кеңейип жаткандыгы өкүнүчтүү.

Айымдардын чылымга аралашкан бөлүгү 4% түзөт делген менен, иш жүзүндө андан бир топ эле арбып кетти, - дейт адис.

Пикир

Оставить комментарий