• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Төө-Ашууда жаралган тыгындын себеби айтылды

Коом 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы Бишкек – Ош унаа жолунун 123-чакырым бөлүгүндөгү Төө-Ашуу ашуусунда жаралган тыгындын себебин түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, чоң жүк ташуучу унаанын чиркегичи кулап калгандыгына байланыштуу тыгындар пайда болгон.

“Каттам эки тараптуу бир кыймыл тилкесинен жүрүүдө. Жол тазалоочу атайын техникалар кээ бир зарыл иштерин аткара албай жатышат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий