• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең саат 9:00дөн 15:00гө чейин аталган конуштардагы турак жай имараттары, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат.

Суу "Энесай" суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдардан жана калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий