• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айсулуу Жороева гүл өстүрүү хоббисин бизнеске айланткан

Коом 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Кадамжай районунун жашоочусу Айсулуу Жороева гүл өстүрүү хоббисин бизнеске айланткан ишкер айым. Бул тууралуу Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фонду билдирет.

Ишкер айым 3 жыл мурун 1 миң түп жоогазын гүлүн бир бөлмөгө тигип өз ишин баштаган.

Айсулуу Жороева “Агро Айым-Агро Жаштар” долбооруна катышууга арыз берип, катышуучулар арасына кошулду. Азыркы убакта агро-бизнести өнүктүрүү жаатында ийгиликтүү билим алууда.

Пикир

Оставить комментарий