• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто өз небересин сатууга аракет кылган аял коё берилди. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Аймак 0

Ош, 28.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ошто өз небересин 20 миң сомго сатууга аракет кылган 59 жаштагы аялга өлкөдөн чыгууга тыюу салынып, коё берилди. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 59 жаштагы М.Л., аттуу аял кызынан ымыркайды туугандарына берем деп алдамчылык жолу менен алган. Билдирүүдө айтылгандай, ымыркайдын энеси андан баш тарткан эмес жана сатуу ниети да жок болгон.

Оштогу социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан кабарлашкандай, бөбөктүн атасы табылган. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну. Күн мурун ымыркайдын энеси баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган. Ал жалгыз бой эне катары катталган.

Атайын кызматтын кызматкерлери билдиргендей, баланын ата-энесине же туугандарына кайтарууда керектүү жардамды берүүгө даяр.

ИИМдин маалыматы боюнча, 22-мартта Ошто өзүнүн 11 айлык небересин 20 миң сомго сатууга аракет кылган жеринен бир аял кармалган. Ага карата “Адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ымыркай дароо эле социалдык кызматкерлерге өткөрүлүп берилген.

Башында ымыркай – уул экендиги айтылган. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан кабарлашкандай ал – кыз.

Пикир

Оставить комментарий