• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддагы аймактык жүрөк-кан тамыр илимий борборунун имараты оңдолууда

Аймак 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жайгашкан жүрөк-кан тамыр илимий борборунун 2-3-кабаттары капиталдык ондоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул үчүн республикалык бюджеттен 20 миллион сом бөлүнгөн. Учурда оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бир айдын ичинде бүткөрүү планында турган ооруканадагы жумуштун жүрүшү менен облус башчысы Нурболот Мирзахмедов таанышып, жумушту аткарып жаткан жеңүүчү компанияга өз мөөнөтүндө бүткөрүү жана сапатка көңүл буруу керектигин эскертти.

"Аны менен бирге өкүл Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында жугуштуу оорулар бөлүмү катары даярдалып жаткан мекемеге барды. Мында да имараттын эшик-терезелери алмаштырылып, толугу менен ички оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Ага өлкө казынасынан 2 миллион 700 миң сом акча каражаты сарпталат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий