• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Манас” аэропорту Чүйдөгү жетим балдардын мектеп-интернатына тиричилик техникасын белекке берди

Коом 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсы Чүйдөгү жетим балдардын жана ата-энесинин кароосусуз калган балдардын мектеп-интернатына тиричилик техникасын белекке берди.

Аба ырайы сууктап, мектеп интернатында тиричилик техникасы менен жылытуучу жабдыктар бузулуп калгандыгына байланыштуу “Манас” аэропорту аталган мектеп-интернатына 2 кир жуучу машина, 4 кир илгич жана 20 конвекторду (жылыткыч) белекке берген.

Маалымат үчүн: Чүйдөгү мектеп-интернат 1958-жылы курулган. Ал Чүй облусундагы эң чоң мектеп-интернат болуп саналат. Учурда ал жерде 150 бала тарбияланат.

Пикир

Оставить комментарий