• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жашыл аянтчаларды сугаруу күчөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Аба ырайынын ысышына байланыштуу “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүндөгү, сейил бактар менен аянттарындагы жашыл аянтчаларды сугарууну күчөттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сугат иштери кечки саат 18:00дөн түнкү саат 01:00гө чейин улантылды.

Белгиленгендей, автоматтык сугарууга “Тазалык” жана “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканаларынын 20дан ашык атайын техникалары тартылды.

Октябрь районунда күчөтүлгөн сугат иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлдү: Ынтымак сейил багында, Тунгуч кичирайонундагы скверлерде, №6 кичирайонунда, Көк-Жар конушундагы Ахунбаев көчөсүндө, А.Токомбаев, Сүйөркулов көчөлөрүнүн Ахунбаев көчөсү менен кесилишинде Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев, Масалиев, Сухэ-Батор-А.Токомбаева, 7-Апрель-Л. Толстой, Куттубаев көчөлөрүнө чейин. «Ынтымак-1» паркында сугат иштерине 4 даана атайын техника тартылды.

Биринчи май району боюнча: Боталиев көчөсүнүн боюндагы паркта, Профсоюз көчөсү Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин, Фучик көчөсү Рыскулов көчөсүнөн Аска-Таш комплексине чейин, Киев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, Токтогул көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, Абдрахманов көчөсү Медеров көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, Чүй проспектиси Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин.

Ленин району боюнча: Ахунбаев-Курчатов, Ахунбаев-Тыналиев, Гагарин көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Ашар, Тыналиев көчөлөрүнө чейин.

Свердлов району боюнча: Театралдык скверинде, Свердлов акимчилигинде, Ибраимов-Бөкөнбаев көчөлөрүндө.

Бардык райондордо гүлзарлар да сугарылууда.

Эске салсак, ар бир суу ташыгычта 8000 литр суу бар жана бир түндө болжол менен 5-6 сапар жасайт.

Пикир

Оставить комментарий