• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чүйдө дайынсыз жоголгон Нурдин Шаршенов изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Сокулук райондук милициясы дайынсыз жоголгон Нурдин Шаршеновду издөөдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Шаршенов Кызыл-Туу айылындагы үйүнөн 31-мартта чыккан бойдон кайтып келе элек.

Белгилери: бою 170-175 см, арык чырай, көзү күрөң, чачы кыска жана кара, алдыңкы тиши жарым-жартылай жок. Экинчи топтогу майып.

“Нурдин Шаршеновдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35-35-29 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий