• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият министрлиги жети телеканалды пландуу текшерип, экөөнө айып салды

Коом 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2023-жылдын жарым жылында 7 телеканалга пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “312 кно” жана “312 ТВ” телеканалдарында “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” ККР мыйзамынын 8-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасынын ченемдери сакталбагандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу министрлик тарабынан “312 кино”, “312 ТВ” телеканалдарына карата чара көрүлдү. Тактап айтканда айып пул салынды.

Ал эми, “312 Музыка”, “НТС” (Жаша), “Кью спорт” (Q-Sport Arena), “Бакайнур-Мега” (Next TV), “Тумар ТВ” телеканалдарына пландуу текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзам бузуулар катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий