• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Талас медициналык колледжинин директору пара менен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жетекчи 20 миң сом өлчөмүндө пара менен колго түшкөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. жана аталган колледждин башка кызмат адамдары окуунун бюджеттик жана контракттык түрлөрүнө абитуриенттерди кабыл алууга көмөктөшкөндүгү үчүн мыйзамсыз акчалай сыйлыктарды системалуу түрдө алышкан.

Жогорудагы адамдар, кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү болуу менен акчалай сыйлыкка абитуриенттерге тесттин суроолору алдын ала даярдалган туура жоопторду беришкен.

Учурда жогорудагы фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий