• 88.68
  • 95
  • 0.95

КМШ оюндары: Эркин күрөш боюнча балбан Мухамадрасул Салиев коло медаль жеңди

Спорт 0

Солигорск, 09.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Мухамадрасул Салиев Беларустун Солигорск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медаль жеңди.

Салиев коло үчүн кармашта армениялык Нарек Акобян менен кездешип, 13:2 эсебинде жеңишти илип кетти.

Спортчу 57 кг чейинки салмак категориясында катышты.

Буга чейин аталган оюндарда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча спортчулары 1 күмүш жана 5 коло медаль багындырса, оор атлетчи коло медалга татыган.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4-августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий