• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Руслан Царев Азия биринчилигинде коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Грек-рим күрөшүнүн балбаны (72 кг) Руслан Царев Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде коло байге утту.

Үчүнчү орун үчүн күрөштө ал Кытайлык Тайбэйдин спортчусу Ян Кай Чен менен күрөшүп, кармаштын биринчи бөлүгүндө эле атаандашын далысына басып, жеңип алды.

Бүгүн, алдыда 97 килограмм салмакта Бексултан Махмудов коло үчүн күрөшөт.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.

Учурда Кыргызстанды эсебинде 2 күмүш, 3 коло медаль бар.

Пикир

Оставить комментарий