• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия биринчилиги: Жоламан Шаршенбеков күмүш байгелүү болду

Спорт 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Грек-рим күрөшүнүн балбаны (60 кг) Жоламан Шаршенбеков Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде күмүш байге тагынды.

Алтын үчүн күрөштө ал япониялык Кэнъитиро Фумита менен күч сынашып, 0:5 эсебинде утулуп калды.

Бүгүн алдыда эки балбан коло үчүн күрөшкө түшөт: 72 килограмм салмакта Руслан Царев жана 97 килограмм салмакта Бексултан Махмудов.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.

Учурда Кыргызстанды эсебинде 2 күмүш, 2 коло медаль бар.

Пикир

Оставить комментарий