• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Реал" футбол клубу Испаниянын биринчилигинде "Эйбарды" утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Футбол боюнча Испаниянын биринчилигинин 28-турунда мадриддик "Реал" клубу өз талаасында "Эйбар" клубун 3:1 эсебинде утуп алды.

Оюн "Реалдын" "Альфредо Ди Стефано" стадионунда өткөн.

Беттеште "Реалдан" Тони Кроос (4-мүнөт), Серхио Рамос (30-мүнөт), Марсело (37-мүнөт), ал эми "Эйбар" клубунан Педро Бигас (60-мүнөт) гол киргизген.

Футбол боюнча Испаниянын биринчилигинде "Реал" 59 упайы менен экинчи орунда келе жатат. Биринчи орунда "Барселона" клубу турат (61 упай).

Испаниянын биринчилигинин оюндары көрүүчүлөрсүз өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий