• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Дагы бир коло! Кыргызстандык балбан Абдымалик Карачов КМШ оюндарында медаль тагынды

Спорт 0

Солигорск, 09.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Абдымалик Карачов КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медаль тагынды.

Спортчу 61 кг чейинки салмак категориясында катышты.

Кыргыз балбаны мелдештин 4/1 финалында өзбекстандык спортчуну 7:4 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда Абдымалик Карачов россиялык балбан Александр Сабанов менен кез келип, жеңилүү ызасын тартты.

Коло үчүн мелдеште кыргыз балбаны түркмөн спортчусу Желалетдин Сеидов менен күч сынашып, бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде коло медалды илип кетти.

Буга чейин аталган мелдеште эркин күрөшчү Мухамадрасул Салиев биринчи коло медалды алып келген.

Мелдештер бүгүн, 9-августа Беларустун Солигорск шаарында өттү.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4-августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий