• 88.68
  • 95
  • 0.95

КМШ оюндары. Кыргызстандын кичи-футбол боюнча жаштар курамасы Беларустар менен тең чыкты

Спорт 0

Минск, 10.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын кичи-футбол боюнча жаштар курама командасы (U19) Беларустун Минск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында Беларустун командасы менен тең чыкты.

Мелдеш 1:1 эсебинде аяктады.

Биринчи таймдын акыркы минутасында Беларустун командасы эсепти ачып, биринчи голду киргизди. Ал эми экинчи таймдын акыркы секундаларында кыргыз футболчусу Нурсултан Салынбеков каршышалаштарынын дарбазасына топ тээп, эсепти 1:1ге теңеди.

Биринчи беттеште Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Россиянын командасына жеңилсе, экинчи оюнда Азербайжандын командасын 5:2 эсебинде утуп алган. Кыргыз футболчулары кийинки оюнун 12-августта Өзбекстандын командасына каршы өткөрөт. Ал эми 13-августта финалдык беттештер орун алмакчы.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4-августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий