• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште коло медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 19.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинде коло медаль жеңди. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.

Шаршенбеков 63 кг салмакта коло медаль үчүн күрөштө венгриялык балбан менен күчүн сынамак, бирок анын атаандашы килем үстүнө чыкпай койгондуктан жеңиш кыргызстандык спортчулга берилди.

Буга чейин Балбай Дордоков грек-рим күрөшү боюнча Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болгон.

Эскерте кетсек, Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий