• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балбай Дордоков Болгариядагы эл аралык мелдеште жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. Кыргызстандык Балбай Дордоков грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.

Дордоков 55 кг салмакта мелдештин жарым финалында алжирдык балбанды 6:4 эсебинде утуп, финалда румыниялык Денис Флорин менен беттешип, далысын жерге тийгизип, жеңишке жетти

Эскерте кетсек, Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий