• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19 боюнча статистика. 32 жаңы учур катталып, 165 адам оорудан сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 19-февралга карата коронавирус 32 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 165 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 273 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 543 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 287 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 957 киши айыгып чыкса, 2 миң 942 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий