• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. Республикалык штабдын 1-майга карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-майда 42 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 504кө жетти.

- COVID-19 инфекциясын жуктурган жаңы 10 учуру катталды.

- Жалпы жуктургандар - 756.

- Ооруканада - 244, анын ичинен реанимация - 5.

- Каза тапкандар – 8

- COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 3 139.

- Коронавирус 15 жашка чейинки 102 баладан аныкталган, анын ичинен бир жашка чейинкилер 5 наристе.

- Бүгүнкү күндөн тартып Ош шаарында 7 чөйрөдөгү кызматтын ишин жандандырууга уруксат берилди.

- Республикада ПЧР-анализ жүргүзүү үчүн 9 лаборатория иштейт, алардын үчөөсү көчмө лаборатория, мында 30 лаборант иш алып барууда.

- Өткөн суткада өлкө боюнча коменданттык саат убагында тартип бузгандардын саны 76.

Пикир

Оставить комментарий