• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Өмүралиев Түркиядагы кыргызстандык студенттер менен онлайн форматта конференция өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев кыргызстандык студенттер менен онлайн форматта конференция өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, элчи Түркиянын жогорку окуу жайларындагы кыргыз студенттеринин коомун бириктирген Кыргызстандык студенттер платформасынын (KGSP) Түркиянын 25 шаарындагы лидер жана өкүлдөрү менен биргеликте онлайн конференция аркылуу баарлашкан.

Онлайн форматтагы баарлашууда элчи К. Өмүралиев студенттерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана элчилик тарабынан Түркиядагы коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркияда жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берген.

"Элчи кыргызстандык студенттер менен болгон сүйлөшүүнүн жүрүшүндө бир катар чечилген маселелер тууралуу маалымдады. Алсак, коронавирус пандемиясынан улам Түркияда жарыяланган карантинге жана автоунаа жол каттамдары токтотулгандыгына карабастан 757 кыргызстандык мекенине кайтарылгандыгын, ал үчүн атайын үч чартердик аба каттам уюштурулгандыгын айтты. Ошондой эле Кыргызстанга кайтып кетүү үчүн элчиликке жана Башкы консулдукка расмий түрдө кайрылуу зарыл экендигин, муктаж жарандарга, жумушунан айрылгандарга гуманитардык жардам көрсөтүү, түрк бийлиги менен бюджеттик негизде окуган студенттерди жатаканалардан чыгарбоо, стипендияларын өз убагында берүү боюнча бип топ көйгөйлүү маселелер чечилгендигин айтты", - деп кошумчалашты элчиликтин басма сөз кызматынан.

Ал эми кыргызстандык студенттер болсо алар өкүл болгон шаарлардагы КР жарандарынын жана студенттердин абалы жөнүндө айтып беришкен.

Алар жалпысынан ТРнын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тууган коомчулуктар башкармалыгынын алдындагы “Түрк стипендиясы” программасы боюнча окуган студенттер арасында эч кандай көйгөй жок экендигин белгилешкен (жатаканалар, стипендия, тамак-аш ж.б. менен камсыздоо). Ошол эле учурда, Конья, Кастамону, Стамбул жана башка шаарлардын өкүлдөрү муктаж болгондорго, мисалы, жеке диний окуу жайларында жана контракт төлөп окуган студенттерге (азык-түлүк комплекттери, турак жай, материалдык жардам ж.б.) биргелешип жардам берилгендигин билдиришип, ушул категориядагы студенттерге жардам берүүдө көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн.

"Элчи Өмүралиев студенттерге алардын тилектештигине жана студенттер арасында көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылыгын билдирип, муктаж болгон студенттерге кыргыз диаспоралары жана жергиликтүү бийлик органдары аркылуу жардам берүү үчүн элчиликке кайрылууну сунуштады. Ошондой эле биримдикке жана Түркия Республикасынын коронавирустун жайылышынан калкты коргоо үчүн кабыл алган иш-чаралары боюнча бардык талаптарын аткарууга чакырды", - деп айтылат элчиликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий