• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда COVID-19га каршы калктын 19%ы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда максаттуу топтун 65%ы COVID-19га каршы эмдөө алды, бул калктын жалпы санынын 19%ын түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Республикалык иммунопрофилактикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын кору бар.

“Кыргызстанда 6 млн дозага жакын вакцина келген, анын ичинен 3 млн дозасы колдонулду. COVID-19га каршы эмдөө уланууда, бул үчун бардык шарттар түзүлгөн. Калкты өхз ден соолугуна кам көрүүгө жана коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырам”, - деди Ишенапысова.

Пикир

Оставить комментарий