• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

22 өлкөдөн 3 миңден ашык жөө күлүк. Ысык-Көлдө Run the Silk Road эл аралык марафону өтөт

Спорт 0

Бишкек, 11.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чолпон-Ата шаарында 14-майда ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Эл аралык марафон дирекциясынын директору Мелис Надыров билдирди.

Анын айтымында, спорттук иш-чарага даярдык 90 пайызды түзөт.

"22 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчунун келиши күтүлүүдө. Марафондун байге фонду 1 млн 44 миң сомду түзөт. Ал 42 жана 21 чакырымга жүгүргөн кыз-келиндер жана эркектер арасында алдыңкы алты орунга бөлүштүрүлөт", - деди ал.

Надыров жарыш 14-майда саат 08:00дө Чолпон-Атадагы ат майданында старт аларына токтолду.

"Жарыш марафон — 42 км 195 метр, жарым марафон — 21 км 97 метр жана 10 км, 3 км, ошондой эле скандинавиялык басуу 3 км менен 10 км узактыкты камтыйт", - деди ал.

Эскерте кетсек, эл аралык мелдеш ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү жана калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өткөрүлөт.

Эл аралык марафонго ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий