• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дүйнөдө COVID-19дан каза болгондордун саны 4,5 млн адамдан ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Дүйнөдө COVID-19 коронавирустук инфекциясынан каза болгондордун саны 4,5 млн адамдан ашты. Бул тууралуу федералдык жана жергиликтүү бийликтин, ошондой эле ЖМК жана башка ачык булактардын маалыматына таянуу менен Жонс Хопкинс университети билдирет.

Анын маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө 216,3 млн адамдан коронавирус аныкталса, анын 4 млн 500 миңи илдеттен улам каза болгон.

Коронавирус менен ооругандардын эң көп өлүмү АКШда катталган - 637 миңден ашуун.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий