• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандык беш боксчу Сербияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Сербияда өтө турган 60 BELGRAD WINNER эл аралык мелдешине катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Мелдеш 28-марттан 3-апрелге чейин Белград шаарында отөт.

Курама команданын тизмеси:

1. Анваржан Ходжиев 48 кг;
2. Баяман Азизбек уулу 57 кг;
3. Аскат Култаев 63.5 кг;
4. Эркин Адылбек уулу 86 кг;
5. Бакыт Токтосун уулу 92 кг.

Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий