• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Ош облусунда майнинг-ферманын мыйзамсыз ишине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.06.21. /Кабар/. Ош облусунда майнинг-ферманын мыйзамсыз ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ошондой эле республикада электр энергиясынын жетишсиздигин эске алып, Ош облусунан Кыргызстандын электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын (криптовалют өндүрүшүнүн) мыйзамсыз иштери аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Кожокелен айылынан майнинг-ферманын ишмердүүлүгү аныкталды.

Бул аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталды. Кылмыш иштин алкагында майнинга иштерин уюштуруу үчүн 650гө жакын жабдуулар табылып алынды.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий