• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абадда июнь окуясынын курмандыктары эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 12.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Топурак-Бел ашуусунда июнь окуяларынын курмандыктары үчүн тургузулган эстеликтин жанында мындан 11 жыл мурунку кандуу окуяда курман болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун, облустун мекеме-ишканаларынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, кандуу окуя маалында жабыр тарткандар менен набыт болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү, облус, шаар жана район жетекчилери катышты.

Иш-чаранын катышуучулары эстеликке гүлчамбарларды коюп, курман болгондордун элесине таазим кылышты.

Иш-аранын аягында каргашалуу окуялардын курмандыктарына арналып Куран окулду.

Эскерте кетсек, 2010-жылдын июнь айындагы кандуу окуяларда жалпысынан 500гө жакын киши курман болуп, 2 миңге жакын киши жабыркаган. Ал эми Жалал-Абад шаарында 33 киши каза таап, 72 киши жабыр тарткан жана эки киши дайынсыз жоголгон.

Пикир

Оставить комментарий