• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто майыптыгы бар жарандар арасында спорттук мелдештер өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.11.23./Кабар/. Ошто шахмат, шашки, тенис, кол күрөш спорттук түрлөрү боюнча майыптыгы бар адамдар арасында мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Мелдеште жалпысынан 44 майыптыгы бар жаран күч сынашып, жеңүүчүлөр 1-2-3-даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Спорттук иш-чараны өткөрүүгө Ош шаарынын мэриясы тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлүп, ага жетимиш миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Ошондой эле, "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин атынан жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөргө Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мелдешке "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр" коомдук бирикмесинин төрагасы Канат Жапаров, Ош шаарынын мэриясынын №2- "Сулайман-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Эмил Караев катышып, катышуучуларды куттукташты.

Иш-чара 3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнүнө карата "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин Түштүк үйрөтүү өндүрүштүк "Дыйкан" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий