• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Ош» эл аралык аэропорту саат 20:00дөн баштап каттамдарды учурууну жандантышы мүмкүн

Аймак 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. 11-январда (саат 00:15тен тарта) кардын калың жаагандыгына байланыштуу ишин убактылуу токтоткон «Ош» эл аралык аэропорту аба ырайы жакшырса, 20:00дөн баштап каттамдарды учурууну жандандырат. Бул тууралуу «Ош» эл аралык аэропортунан басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, учурда аэропорттун кызматкерлери аэродромдун учуу-конуу тилкесин, рулеждук жолчолорун, учактар токтоочу жайларын жана аэробекеттин аймагын кардан тазалоо үчүн күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.

"Ошондой эле аэропортто учуп кетүү мүмкүнчүлүгүн күтүп жаткан жүргүнчүлөргө абалды түшүндүрүү жана аларды тамак-аш менен камсыздоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Толук маалыматты төмөнкү телефон номурлары аркылуу билсеңиздер болот:

• «Манас» аэропорту: +996 (312) 69-31-09

• «Ош» аэропорту: + 996 322290101

• Сурап билүү кызматы (24/7): +996 (3222) 90101

Пикир

Оставить комментарий