• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Токтогулда 24 жаштагы келин асынып алган абалда табылды

Кырсык 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Токтогул районунда 24 жаштагы келин асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январь күнү болжол менен саат 01:00дөр чамасында Токтогул райондук милициясына 24 жаштагы А.Б. аттуу келин жашаган үйүндө асынып алган абалда табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барышкан. Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталган.

“Териштирүү иштеринин жүрүшүндө каза болгон келинди 27 жаштагы М.Т. аттуу жолдошу алгач көрүп, кабарлаган. Ал 10-январь күнү саат 00:00дөр чамасында үйүнө келип, келинчеги жок болгондугуна байланыштуу аны издеп чыккан. Келин өздөрү жашаган үйдүн сарайында асынып турган жеринен табылган.

"Жолдошунун айтымында, экөөнүн ортосунда буга чейин уруш-талаш болгон эмес жана экөө жакшы мамиледе болушкан”, - деп айтылат маалыматта.

Каза болгон келиндин 65 жаштагы Б.А. аттуу атасы жакын туугандары соттук медициналык экспертизадан өткөрүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышып, актылар түзүлүп кол коюлган.

Текшерүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий