• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лебединовка айылындагы кампадан өрт чыгып, 8 сааттан кийин өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын Победа проспектинде жайгашкан “Шекер” дүкөнүнүн кампасынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 7-январда болжол менен саат 19:26да чектөөгө алынып, түнкү саат 23:41де толугу менен өчүрүлгөн.

“КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары темир аранын жардамы менен темир контейнерди кесип, өрт өчүрүүчүлөргө жардам беришкен”,- деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий