• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев Соода-өнөр жай палатасынын президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 11-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Соода-өнөр жай палатасынын жаңы шайланган президенти Темир Сариев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар Тышкы иштер министрлиги жана Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы экономикалык дипломатияны илгерилетүү, Кыргызстандын чет өлкөлүк өнөктөштөр менен соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү, ата мекендик ишкерлерге зарыл колдоо көрсөтүү боюнча өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын белгилешти.

Кыргызстандын товар жүгүртүүсүн көбөйтүү, чет өлкөлөрдө ата мекендик соода үйлөрүн ачуу, приоритеттүү тармактарына чет элдик инвесторлорду тартуу, ички жана тышкы бизнес-миссияларды уюштуруу боюнча толук пикир алмашуу болуп өттү.

Тараптар эки мекеменин ортосунда ушул форматта үзгүлтүксүз жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүп турууну макулдашты.

Жолугушуунун соңунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Соода-өнөр жай палатасынын жаңы жетекчилиги Кыргызстандагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча жигердүү иш жүргүзүүсүнө ишеним билдирип, КР Cоода-өнөр жай палатасынын жаңы президенти Темир Сариевге ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий