• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жети-Өгүздө сынган көпүрө калыбына келтирилди

Аймак 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. "Кумтөр" ишканасы Жети-Өгүз районунда сынган көпүрөнү калыбына келтирүүгө жардам берди.

Ишканадан билдиргендей, "Кумтөр Голд Компани" Жети-Өгүз дарыясы аркылуу өтүүчү 3-көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине темир конструкцияларды өткөрүп берди.

Транспорт министрлигинин адистери жаңы көпүрөнү орнотуп, жол кыймылы толугу менен калыбына келтирилди. "Жаңы көпүрөнүн жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тоннадан ашып, адамдардын коопсуздугун сактоого мыкты шарт түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 14-июнда мурунку жыгач көпүрө урап, анын кесепетинен көпүрөдөн атайын техника менен өтүп бара жаткан Жол тейлөө ишканасынын кызматкери каза болгон. Ошондой эле Көк-Жайык жайлоосундагы 200гө жакын адам өтө албай, көпүрөнү тезинен калыбына келтирүү муктаждыгы пайда болгон. КГК жетекчилиги жергиликтүү бийликтин жана тургундардын өтүнүчүн канааттандырып, аталган темир көпүрөлөрдү жеткирип берген.

Пикир

Оставить комментарий