• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эки күндө Ысык-Көлдөн 2100 метр тор чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Эки күндө Ысык-Көлдөн 2100 метр тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, суучулдар Түп районунун Күрмөнтү айылынан Кутургу айылына чейинки аралыкты тазалап, эки күн ичинде 1096,57 гектар суу аянтынан 2100 метр синтетикалык тор жана ага түшкөн балыктарды чыгарды.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү тазалоону, экочөйрөсүн өнүктүрүүнү демилгелеп, көл 2023-жылдын 12-мартынан тарта тазалана баштаган.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 431 182,69 гектар көл аянтынан 22 546 кг таштанды, 220 200 метр тор чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий