• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кечээ Сузакта сел жүрүп, 6 жаштагы кызды суу агызып кеткен

Аймак 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 20-июлда саат 17:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Достук, Чаңгыр-Таш айылдарындагы кокту-колоттордон түшкөн сел суулар турак үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Сузак – Кара-Дарыя унаа жолун каптаган.

“6 жаштагы М.А. аттуу кызды сел суулары агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө үчүн жана селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүүгө 50 куткаруучу, бир жүктөгүч, бир трактор, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий