• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаардык ооруканасына 3 даана кычкылтек концентратору тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-июль күнү Ош шаардык ооруканасына "Дос-Кредобанк" ААК тарабынан үч кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Саламаттык сактоо координатору Кыялбек Ташполотов берилген жардам илдет жугузуп ооруп жаткан жарандарга чоң жардам экендигин билдирип, ыраазычылыгын айткан.

Учурда Ош шаарында 315 кычкылтек концентратору бар, алардын 250сү өкмөт тарабынан берилсе, калганы коомдук уюмдар, жеке ишкерлер, муниципалдык ишканалары, соода-сатык компаниялары, жогорку окуу жайлар тарабынан берилген.

Банктын жетекчилиги кайрымдуулук, жардам берүү иштери токтобой тургандыгын белгилеп, биргеликте илдеттен арылуу алардын да милдети экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле банк тарабынан Жалал-Абад шаарына эки кычкылтек концентратору берилген. Мындан тышкары, өзгөчө абал учурда банк тарабынан 1000 даана азык-түлүк баштыктары Ош шаарынын мэриясына берилип, алар жардамга муктаж адамдарга таркатылган.

Пикир

Оставить комментарий