• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун башчысы Ачы жана Кең-Сай массивдери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, орун басары Ахмаджан Махаммадов Кара-Суу районундагы Ачы жана Араван районундагы Кең-Сай массивдери менен таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Облус башчысы тиешелүү кызматтарга кайрылып, жер тилкелери жерге муктаж гана жарандарга берилиши керектигин айтты.

“Ачы менен Кең-Сайда жер тилкесин кимдер алгандардын тизмесин бергиле. Менин оюмча чыныгы жерге муктаждардын 60-70% гана бул жерлерден жер тилкесин алган. Калгандары башка аймактан келип, акчасын алып эле жер тилкесин берип койгонсунар. Аларды текшерсен айылда жери да үйү да бар болуп чыгат. Жер чынында жери жок үйү жок жарандарга берилиши керек”, - деди Жарасул Абдураимов

Мындан сырткары, Ачы массивине суу жана электр энергиясын тартуу маселеси аткаруу кыйынга тураарын айтты. Ал эми Кең-Сай массивинде көп кабаттуу үйлөрдү курууга баардык шарттар бар экенине токтолуп, курулуш компаниялар жана эл аралык фонддор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий