• 88.68
  • 95
  • 0.95

Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы Япониянын кинотеатрларында көрсөтүлүүдө

Маданият 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы 1-декабрдан бери “Атам эстейт" деген ат менен күн чыгыш өлкөсүнүн беш шаарындагы алты кинотеатрда көрсөтүлүүдө.

"Буга чейин эле "Бешкемпир", "Маймыл", "Свет аке" жана "Кентавр" тасмаларынын биргелешкен продюсери жана дистрибьютор болуп келген япониялык Юджи Садай Актан Арым Кубаттын чыгармачылыгынын көптөн берки күйөрманы", — деп айтылат долбоордун социалдык тармактардагы расмий баракчаларында.

Прокат башталганга чейин тасманын режиссеру менен интервьюлар жана пресс-шоу уюштурулган жана бир нече жапон басылмаларында, анын ичинде Токио, Никкэй жана Асахи гезиттеринде тасманы оң мааниде сындаган макалалар чыккан.

Эскерте кетсек, "Эсимде" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары 35-Токио эл аралык кинофестивалынын алкагында 24-октябрдан 2-ноябрга чейин өткөн.

Анда эс-тутумунан ажырап, 23 жыл башка өлкөдө жүрүп мекенине кайтып келген Зарлык карыянын окуясы баяндалат.

Пикир

Оставить комментарий