• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Өзбекстандык артисттер Бишкекте чоң программадагы гала-концерт тартуулашты — сүрөттөр

Маданият 0


Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Алишер Навои атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театры Кыргызстанга гастролдоп келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Өнөрпоздор күн мурун, 14-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында шаар тургундарына жана конокторуна чоң программадагы гала-концерт тартуулашты.

Маданий иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов жана шаар тургундары катышты.

Гала-концертте аталган театрдын солисттери симфониялык оркестрдин жана хор жамаатынын коштоосунда дүйнө жана өзбек композиторлорунун классикалык чыгармаларынан арияларды, увертюраларды сунушташты.

Концертти “Тумар” бий ансамбли коштоду.. Дирижеру — Руслан Бекмаев.

Белгилей кетсек, ошондой эле 14-мартта Өзбекстандын чоң театры Сулейман Юдаковдун “Майсаранын жоруктары” аталышындагы операсын кыргыз театр сүйүүчүлөрү үчүн коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий