• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда 61 млн сомго кинотеатр курулат

Аймак 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарына кинотеатр куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди Капиталдык курулуш департаменти жарыялаган.

Белгиленгендей, маданий объектти Спутник кичирайонундагы Тарсус көчөсүндө жайгашкан Нооруз сейил багынын аймагына куруу пландалып жатат.

Объекттин сметалык баасы 61 млн сомду түзөт, конкурстук табыштамаларды 2-апрелге чейин берүү зарыл.

Объекттин курулушун аяктоо 2024-жылдын 31-октябрына белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий