• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын аймагында залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Ош шаарынын аймагында залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июлда, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы Жапалак, Туран, Курмандан-Датка муниципалдык айылдык башкармалыгындагындагы А.Масалиев, А.Каримов, А.Шакиров көчөлөрүндө жайгашкан 101 дүкөн, 23 аялдама, 50 турак үй жана башка эл көп барган жерлер залалсыздандырылды.

Дезинфекциялоо иштери КР ӨКМ тарабынан өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий