• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кеминде Чу суусу жээкке чыгып кетти

Аймак 0

БИШКЕК, 10.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында Чу суусу жээктен чыгып, дыйкандардын эгин талаасына коркунуч алып келүүдө деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, суунун көтөрүлүшү 8-августта башталган. Учурда суунун көлөмү жээкти 6 дан 8 метрге чейин басып калды. Бул өз кезегинде дыйкандардын айдоо аянттарына, электр өткөрүү зымдарына жана жээкке жакын жашаган үч үйгө коркунуч алып келүүдө.

Мурдараак ӨКМ 11-августтан тартып республикада жаан жаай турганын эскерткен. Аба ырайынын мындай өзгөрүүсү арыктардагы суунун деңгээлин көтөрүп жибериши ыктымал.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, Чу суусунун айылды каптап кетпеши үчүн жергиликтүү бийлик алдын алуу аракеттерди көрүшү зарыл. Эгер аларга каналдын жээгин көтөрүүгө кошумча күч керек болсо, ӨКМдин жергиликтүү бөлүмүнө кайрылуулары зарыл.

Пикир

Оставить комментарий