• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бош орундардын бирдиктүү интернет-порталы түзүлөт

Коом 0

БИШКЕК, 10.08.17 /Кабар/. Кыргызстанда өлкөдөгү бош орундар тууралуу маалыматтар топтолгон бирдиктүү интернет-портал түзүлөт. Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бул долбоор боюнча маселе кечээ эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунованын GIZ Герман эл аралык кызматташтык коомунун программа жетекчиси Агнес Волльшлегер менен жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Герман коомунун өкүлдөрү райондук калкты ишке орноштуруу башкармалыктарынын 176 кызматкери эмгек рыногун бирдиктүү базага киргизүү боюнча окутуларын маалымдашты.

Агнес Волльшлегердин айтымында, учурда веб-порталды даярдоо жүрүп жатат. Анда бардык жумушсуз жарандар тууралуу маалыматтар топтолот.

Бул интернет-портал аркылуу жумушсуздарга ылайыктуу иш издөө боюнча өзгөчө мүмкүнчүлүк берилет.

Өз кезегинде Исакунова бул долбоорду ишке ашыруу үчүн министрлик бардык аракеттерин көрөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий