• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматов лицейинин окуучусу эл аралык олимпиадада үчүнчү орунду алды

Билим 0

БИШКЕК, 10.08.17 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Чынгыз Айтматов атындагы лицейдин 11-классныны окуучусу Амангелди Жусубалиев информатика боюнча Иранда өткөн 29-эл аралык олимпиадада үчүнчү орунду алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын курама командасында Караколдогу Х.Карасаев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Арсен Касымов, Оштогу “Сема” лицейинин 11-классынын окуучусу Акбар Мадаминов жана Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Болот Бекболотов катышкан.

Олимпиада 26-июлдан 4-августка чейин, Тегеран шаарында өткөн. Ал окуучулар арасында алдыңкы олимпиадалардын бири болуп эсептелет. Ага 82 мамлекеттен 304 окуучу катышкан.

Маалым болгондой, информатика боюнча эл аралык олимпиада 29 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Жеңүүчүлөр дүйнөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларда окууга мүмкүнчүлүк алышат.

Пикир

Оставить комментарий