• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан ФИФА рейтингинде 1 баскыч төмөндөп, 128-орунду ээледи

Спорт 0

БИШКЕК, 10.08.17. /Кабар/. Кыргызстандын курама командасы ФИФА жаңыланып 10-августта жарыяланган рейтингинде 1 баскыч төмөндөп, 128-орунду ээледи.

Июлдагы рейтингде 127-орунда турган.

Тандоо раунду боюнча атаандаштардын абалы анчейин өзгөргөн эмес: Макао жана Индия бирден баскыч ылдыйлап, 183-чү жана 97-орунду алышты. Ал эми Кыргызстандын атаандашы – Мьянма курамасы тескерисинче 157-орунга чыкты.

25-августта жолдоштук беттешүү күтүлгөн Өзбекстан 64-орунда.

Эң мыкты натыйжа Намибия курамасыныкы (+20 баскыч) 136-орун, эң начар көрсөткүч Кюрасао (-18) – 86-орун болду.

Биринчи ондукта лидер алмашып, Бразилия Германия курамасынан алдыга чыкты. Аргентина 3-орунда калды. Андан соң тизме боюнча – Швейцария (+1), Польша (+1), Португалия (-2), Чили, Колумбия, Бельгия (+1), Франция (-1).

Рейтинг кайрадна 14-сентябрда жаңыланат.

Пикир

Оставить комментарий