• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ордо оюнунда Талас облусу биринчи орунду алды

Спорт 0

Бишкек, 03.12.18. /Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. Ордо федерациясынын Президентинин Кубогуна арналган ордо боюнча республикалык мелдеште Талас облусунун командасы биринчи орунга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган мелдеш Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин аймагында жаңы ачылган ордо аянтчасында болуп өттү. Оюнга 9 командадан 81 оюнчу катышкан.

Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду Талас облусунун командасы жеңип кетсе, экинчи орунду Талас шаарынын командасы ээлеген. Үчүнчү орунду Чүй облусунун командасы ээлеген.

Эскерте кетсек, мелдешти уюштурууга Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан 17 миң 345 сом бөлүнгөн.

Мелдеш 29-30-ноябрь күндөрү болгон.

Пикир

Оставить комментарий